Сианьдагы жолугушуу: ШКУ өлкөлөрү Өнүктүрүү банкын түзүүнү илгерилетүүдөКыргызстанда Акыркы коңгуроо 29-майга жылдырылдыИгорь Шестаков: Евробиримдик Кыргызстанга эмне үчүн санкция салдыКыргызстандагы орус тили жана мектептер: реформалар, мугалимдердин тартыштыгы жана баланс маселеси«Любэ», Басков жана «Блестящие» 9-майда Караколдо концерт беришетЖалган «халал» үчүн айып пул салынат: Кыргызстанда бул тармактагы көзөмөл күчөтүлөт
Бишкектин мурдагы вице-мэри мамлекетке 5,1 млн сом кайтарды
28.03.2023 | 16:43
Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри, “Тазалык” ишканасынын мурдагы башчысы Рыспек Сарпашев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыатка караганда, 24-мартта УКМКнын улук тергөөчүсү Сарпашевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен кайрылып, анын негизинде сот Сарпашевди үй камагына чыгарган. Ал 9-апрелге чейин үй камагында болот.
Белгилүү болгондой, Сарпашев соттук-бухгалтердик экспертиза аныктаган 5 млн 167,5 миң сом зыяндын ордун толтуруп берген.
Эскерте кетсек, 23-мартта УКМК «Тазалык» муниципалдык ишканасынын экс-директору, Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Рыспек Сарпашев кармалганын билдирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз