ОСАГО полиси жок болсо 1-апрелден тарта кимдерге айып салынат?

ОСАГО полиси жок болсо 1-апрелден тарта кимдерге айып салынат?

Кыргызстандын бийлиги ОСАГОнун жоктугу үчүн жазаны киргизүүнү кайрадан жылдырууда, бирок баарына эмес. Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматы “Акчабар” редакциясына ушул жылдын 1-апрелинен тарта кимге айып пул салынарын айтып берди.

Алсак, камсыздандыруу полиси жок төмөнкү айдоочуларга айып пул салынат:

— ушул жылдын 1-апрелинен тартып — чет өлкөлүк номурлуу автоунаалар, юридикалык жактардын жана мамлекеттик органдардын автоунаалары;

— 2024-жылдын 1-январынан тартып — жеке жактар.

Эске салсак, буга чейин бийлик ушул жылдын 1-апрелинен тарта камсыздандыруусу жок бардык айдоочуларга айып пул салууну сунуштаган. Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров автоунааларды камсыздандырууну мамлекеттик ишканаларга берүү керектигин айткан.

ОСАГО полиси жок унаа ээлерине эми айып салынат. Аны кантип алуу керек?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>