Бишкектин мурдагы вице-мэри Рысбек Сарпашев кармалды

Бишкектин мурдагы вице-мэри Рысбек Сарпашев кармалды

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын экс-директору, Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Рысбек Сарпашев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын экс-директору С.Р.А. карата ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана ошондй эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Такталгандай, кармалган С.Р.А. 2017-2018-жылдары «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору болуп турган кезде өзүнүн жеке пайдасы үчүн, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен, ишкананын айрым кызматкерлери менен алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, иштебеген жана жетишсиз болгон атайын автотетиктерди (таштанды ташуучу унаалар, самосвалдар, жүк ташуучу унаалар) жана куйуучу-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгарып салган. Чындыгында унааларга бөлүнгөн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып, түшкөн каражаттар өздөрүнө бөлүнгөн.

Аталган кылмыш ишинин алкагында Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы тарабынан соттук-бухгалтердик экспертиза дайындалып, корутундусуна ылайык, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын бюджетине 5 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген.

Белгилей кетүүчү нерсе, мындай аракеттердин натыйжасында атайын техниканын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын жетишсиздиги болгондугу, таштанды чыгарууга жооптуу тиешелүү муниципалдык кызматтардын туура эмес иштешине түрткү болгон. Жарандар таштандылардын көп топтолуп, өз убагында чыгарылбай жаткандыгы боюнча бир нече жолу арызданышкан.

Учурда С.Р.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Иштин бардык жагдайларын жана бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка жооптуу адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>