Мамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктадыБишкектеги Тез жардам ооруканасын жана №9 ҮМБны капиталдык оңдоого 182 млн сом бөлүндүЖаан, кар жаайт: 5-мартка карата аба ырайыБыйыл Бишкекке 2 млн бир жылдык гүл отургузулатМурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды
“Алькони” заводундагы өрттү өчүрүү уланууда
31.03.2023 | 09:27
“Алькони” заводундагы өрт курчоого алынып, өрттү өчүрүү иш-чаралары уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 03:10 чамасында Октябрь районунда “Алькони” заводунун өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ӨКМдин 5 өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсеби, ШТАБ, суу ташуучу унаа, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам кызматы тартылган.
Учурда өрттүн аянты болжол менен 3500-4000 чарчы метрди түзүүдө.
Өрт саат 05:55 чектөөго алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом