Энергетика министри Кыргызстанда электр энергиясы эмне үчүн тартыш болуп жатканын түшүндүрдүЧыңгыз Айтматовдун чыгармаларын малай тилине которуу мүмкүнчүлүгү каралуудаДепутат Энергетика министрлигинин колл-борборуна 20 мүнөт чала албай койдуМектептердин окуучулары үчүн 238 миңден ашуун иш дептери басылып чыктыДарылануу, дары-дармек жана пара: Минздрав бейтаптардын укугун түшүндүрдүБаткен облусунун Чек айылында 5 миң тургун үчүн жаңы суу түтүгү курулууда
“Алькони” заводундагы өрттү өчүрүү уланууда
31.03.2023 | 09:27
“Алькони” заводундагы өрт курчоого алынып, өрттү өчүрүү иш-чаралары уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 03:10 чамасында Октябрь районунда “Алькони” заводунун өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ӨКМдин 5 өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсеби, ШТАБ, суу ташуучу унаа, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам кызматы тартылган.
Учурда өрттүн аянты болжол менен 3500-4000 чарчы метрди түзүүдө.
Өрт саат 05:55 чектөөго алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом