Балыкчыдагы рейдде дайынсыз болуп жаткан өспүрүм табылды

Балыкчыдагы рейдде дайынсыз болуп жаткан өспүрүм табылды

Балыкчы шаарында «Көзөмөлсүз калгандар»рейди болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жаш өспүрүмдөр арасында кароосуз калуунун, үйдөн кетүүнүн алдын алуу, ошондой эле иштеген жана кайыр сураган балдарды аныктоо максатында, Балыкычы ШИИБдин балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери, кызыктар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте 29-30-март күндөрү «Көзөмөлсүз калгандар» деген аталыштагы рейдин өткөрдү.

Рейд учурунда коомдук жайлар, соода борборлору, интернет-клубдар текшерилди. Рейддин жүрүшүндө 23-марттан бери дайынсыз жоголгон 12 жаштагы бала табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары, базарда соода жүргүзгөн 7 жаш өспүрүмдөр аныкталды. Алардын ата-энелери менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Рейддин жыйынтыгы менен Балыкчы шаарынын мэриясына, балдарды коргоо, билим берүү бөлүмдөрүнө, орун алган көйгөйлүү маселелер боюнча 6 сунуш, 16 маалымат жиберилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>