Ошто оңдолгон сейил бак ачылды — сүрөт

Ошто оңдолгон сейил бак ачылды — сүрөт

Ош шаарында 30-мартта оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн Жолон Мамытов атындагы сейил бак пайдаланууга берилди.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, объект менен мэр Бакытбек Жетигенов таанышып, сейил бакта Ак-Тилек кичи районунун тургундарынын эс алуусу үчүн зарыл шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

«Белгилүү акын, прозаик жана котормочу Жолон Мамытовдун жакындары, жергиликтүү тургундар бул аллеянын реконструкцияланганына ыраазычылыктарын билдиришти.

Сейил бактын жалпы аянты 70 сотыхты түзөт. Долбоорго ылайык, бул жерде балдар аянтчалары, спорттук жайлар курулуп, заманбап жарыктандыруу система жана жарандар эс алуучу орундуктар орнотулду. Ошондой эле жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү», — деп билдиришти мэриядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>