Батыштын санкциялары Кыргызстанга жана Борбор Азияга кандай таасир этүүдөБишкекте үй жаныбарларын кармоонун жаңы эрежелери даярдалуудаӨкмөт башчы орусиялык кинорежиссёр Никита Михалковго «Достук» орденин тапшырдыБишкекте ээси жок жаныбарлар үчүн муниципалдык башпаанек ачылышы мүмкүнАКШ президенти өзөктүк куралды сыноону баштоо тапшырмасын бергенин билдирдиОш шаарында аталышы кыргызча жазылбаган кафе-дүкөндөрдүн жазуулары алынууда
Сузакта 33 жаштагы келин эки уулу менен иске ууланып каза болду
22.01.2020 | 13:25
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 33 жаштагы келин эки уулу менен көмүрдүн исине ууланып каза болду. Бул маалыматты Reporter.kg`ге облустук милициянын басма сөз катчысы Шеркул Турганбаев тастыктады.
Ал эми turmush.kg басылмасы райондун акими Эрмекбай Омошевге байланышып, келин балдары менен каза болгондон кийин эки күн үйдө жатып калганын жазды.
“Окуя 20-январдын түнүндө Кызыл-Сеңир айылында болгон. Келиндин Орусияда иштеп жүргөн жолдошу аялына байланыша албай кошуналарына чалган. Кошуналары келиндин үйүнө барганда анын балдары менен каза болуп калганын көрүшкөн. Маркум айылдагы мектепте санитардык кызматкер болуп иштечү. Ал 2013-2015-жылдары туулган эки баласы менен жашачу”, – деп билдирген аким.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар