Бир жумага карата аба ырайы тууралуу маалымат

Бир жумага карата аба ырайы тууралуу маалымат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызгидромет борборуна таянып жакынкы күндөргө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 23-январдан 27-январга чейин Олкөнүн тоолу аймактарында кар жаашы күтүлөт.

23-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

23-январда күндүз жана 24-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

24-январда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

25-январда түнкүсүн Баткен облусунан башка аймактардагы тоолу райондордо кар жаашы ыктымал.

26-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлсө, Ысык-Көл Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн.

27-январда түнкүсүн кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлсө,күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>