Ушул жылдын 26-июнунан 30-июнуна чейин Кыргызстанда мыйзам бузууларга жана коррупцияга шектелип бир катар кызмат адамдары кармалды. Reporter.kg апта ичинде УКМК жана прокуратура тарабынан кармалган адамдарды тизмектеди.
УКМК тарабынан Токмок шаарында “Токмок суу канал” муниципалдык ишканасынын балансында турган мамлекеттик мүлктү (чоң көлөмдөгү суу түтүктөрү) уурдоо фактылары аныкталды.
Маалым болгондой, “Токмок суу канал” ишканасынын директорунун орун басары А.А.A. баш болуп аталган мекеменин директоруна билгизбей ири суу түтүктөрүн сатуу боюнча коррупциялык схема уюштурулган.
Ошол эле учурда, 26-июнда козголгон кылмыш ишинин алкагында “Токмок суу канал” ММдин директору О.С.К.га пара берип жана муниципалдык менчикти сатууну жашыруу максатында 60 миң сом пара берип жаткан жеринен анын орун басары А.А.А. кармалган.
Мындан тышкары, А.А.А.нын унаасынан суу түтүктөрүн сатуудан түшкөн дагы 135 миң сом акча каражаты табылган. Учурда аталган мамлекеттик мүлктү уурдоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.
Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө боюнча адиси К.Р.С. жана башкы адиси А.Д.К. кармалды.
Тергөөнүн жүрүшүндө Жалал-Абад областы боюнча сот департаментинин жетекчилиги өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдаланып, материалдык пайда табуу максатында курулуш компанияларынын биринин өкүлдөрү менен сүйлөшүп, “Майлуу-Суу шаардык сотунун административдик имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү” боюнча мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген подряддык иштер боюнча келишим түзүлгөнү аныкталды.
Комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгында аткарылган иштердин көлөмү ашыкча бааланганы, курулуш нормалары жана коопсуздуктун тиешелүү эрежелеринин талаптары одоно бузулганы такталды.
Сот системасынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджеттен төрт миллион (курулуш иштеринин көлөмүн ашыкча баалоо) сомго жакын каражат мыйзамсыз чыгарылган.
Сот департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери К.Р.С. жана А.Д.К. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
УКМК тарабынан MEGA’нын («Альфа Телеком» ЖАК) мурдагы директору А.Б. (Азат Базаркулов) кармалды.
Маалым болгондой, «Альфа Телеком» ЖАКсында сатып алуулар системасындагы мыйзам бузуу фактылары аныкталган.
«Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 4-бөлүгү (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында «Альфа Телеком»ЖАКтын жооптуу адамдары жеке компаниялар менен алдын ала сүйлөшүп алып, алар үчүн жеңилдетилген шарттарды алдын ала даярдап, ошону менен тендерлерде көп учурда ошол компаниялар ута тургандай жеңишти камсыз кылып турушканы аныкталды», — деп билдирет УКМК.
Атайын кызматтан билдиришкендей, иштин жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, сатылып алынган техниканын баасы жогорулатылганы, анын натыйжасында мамлекетке миллиондогон зыян келтирилгени ачыкталган.
Азат Базаркулов аталган иш боюнча шектүү катары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Чүй облустук милициянын Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын бир кызматкери жана ыкчам чара көрүү атайын бөлүгүнүн эки кызматкери кармалганын Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирген.
Маалыматка караганда, алар Ички иликтөө кызматы тарабынан колго түшүрүлгөн. Аталган кызматкерлер «Россиянын жаранына баңгизат салып коюп, андан дээрлик 300 миң сом акча алган» деп шектелүүдө. Шектүүлөр кармалып, тергөө абагына камакка алынган. Ишти ИИМдин тергөө кызматы алып барууда.
УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын улук инспектору опузалап пара алууга шектелип кармады.
Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бажы кызматынын алдындагы «Автомобильный» Түндүк-Чыгыш бажысынын бажылык тариздөө жери боюнча улук инспектору, майор М.Ж.у. кармалган.
«Жогорудагы кызматкер «Автомобильный» бажылык тариздөө жеринде мыйзамсыз баюу максатында, аталган бажылык тариздөө жери аркылуу өткөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.
Кармалган кызматкер убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз