УКМК пара опузалоого шектеп бажы кызматкерин кармады (видео)

УКМК пара опузалоого шектеп бажы кызматкерин кармады (видео)

Мамлекеттик бажы кызматынын улук инспектору опузалап пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бажы кызматынын алдындагы  «Автомобильный» Түндүк-Чыгыш бажысынын бажылык тариздөө жери боюнча улук инспектору, майор М.Ж.у. кармалган.

«Жогорудагы кызматкер «Автомобильный» бажылык тариздөө жеринде мыйзамсыз баюу максатында, аталган бажылык тариздөө жери аркылуу өткөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган кызматкер убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>