Ошто “Бий искусствосу-2023” фестивалы өтөт

14.08.2023 | 18:00

Ош шаарында “Бий искусствосу-2023” аттуу бийчилердин эл аралык фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Фестиваль 16-17-18-19-август күндөрү өтөт. Ага Индия, Өзбекстан, Казакстан, Түркия жана Кыргызстандын эң алдынкы бий топтору катышат.

Иш-чаранын программасы:

16-август:

Саат 19:00дө эл аралык “Бий искусствосу-2023” фестивалынын катышуучулары борбордук аянтка чогулуп, Бабур театрына чейин жөө жүрүшкө чыгышат.

Саат 20:00дө фестивалдын ачылыш аземи башталат.

17-август:

Саат 19:00дө У. Салиева көчөсүндө жайгашкан аллеяда тургундар жана коноктор үчүн фестивалдын катышуучулары өнөрлөрүн тартуулашат.

18-август:

Саат 19:00дө А. Шакиров көчөсүндөгү “Глобус” соода борборунун алдында бий-концерт кайталанат.

19-август:

Саат 19:00дө Бабур театрынын алдында “Бий искусствосу-2023” фестивалынын жабылуу аземи өтөт. Жалпы катышуучулардын катышуусунда флешмоб тартууланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top