Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыктан сегиз адам мерт кетти

Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыктан сегиз адам мерт кетти

Ысык-Көл облусунда үрөй учурган жол кырсык катталып, сегиз адам каза болду, анын ичинен экөө жаш бала. Бул тууралуу маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Жаңыл Акунова тастыктаганын Sputnik агенттиги маалымдады.

Жол кырсык Бишкек — Балыкчы унаа жолунун Таш-Сарай айылындагы тилкесинде (Тоң району) 14-августка караган түнү катталган. Анда эки автоунаа кагышкан. Анын биринде Ысык-Көл, экинчисинде Нарын облусунун тургундары бара жаткан.

Кырсыктын кесепетинен сегиз адам мүрт кеткен, анын ичинен экөө жаш бала. Ал эми алты киши Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген. Арасында үй-бүлө мүчөлөрү дагы бар. Нарындын Жер-Көчкү айылында жашаган 64 жаштагы киши баласы жана небереси менен каза тапкан. Дагы бир уулу ооруканада.

Каза болгондор:

Д.М. — 1957-жылы туулган, Балыкчы шаарынын тургуну;

Р.О. — 1962-жылы туулган, Нарын облусунун Жер-Көчкү айылы;

Э.С. — 1959-жылы туулган, Нарын облусунун Жер-Көчкү айылы;

М.Э. у. — 1989-жылы туулган, Нарын облусунун Жер-Көчкү айылы;

У.Н. — 2021-жылы туулган, Нарын облусунун Жер-Көчкү айылы;

Б.М.у. — 2023-жылы туулган (беш айлык), Нарын облусунун Жер-Көчкү айылы;

Р.Р. — 1978-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Көк-Мойнок айылы;

Д.Н. — 1963-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Көк-Мойнок айылы.

Жаракат алгандардын тизмеси:

А.А. — 1964-жылы туулган, Нарын облусунун Жер-Көчкү айылынын тургуну, жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат;

Ф. Ж.к. — 1992-жылы туулган, Нарын облусунун Жер-Көчкү айылы, жандандыруу бөлүмүндө;

Ч. Ж. — 1983-жылы туулган, Нарын облусунун Жер-Көчкү айылы, жандандыруу бөлүмүндө;

Н.Э.у. — 1997-жылы туулган, Нарын облусунун Жер-Көчкү айылы, травматология бөлүмүндө;

М.М. — 2013-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Көк-Мойнок айылы, травматология бөлүмүндө;

Э.Т. — 1985-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Көк-Мойнок айылы, травматология бөлүмүндө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>