Бекешев: Курулуш министрлиги Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн сыртындагы кондиционерлерди алып салууну көздөөдөМектептерге башталгыч класстар үчүн жаңы окуу китептери таркатылууда«Азия Моллдун» жанындагы авто кырсыкта 3 жаштагы кыз каза болдуКамчыбек Ташиев эмгек сиңирген артист Хабибилла Азиреткуловго Бишкектен батир тапшырдыСадыр Жапаров Ош жана Новопокровкадагы кырсыктарда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айттыОшто өрттөн 5 баласы менен каза болгон аялдын күйөөсү Түштүк Кореяда иштеп жүргөн
Антимонополия кызматы нандын баасын аныктады
10.10.2023 | 15:32
Антимонополия кызматы бөлкө нан менен тандырда жабылган токочтун баасын белгиледи.
Мекеменин маалыматында, бөлкө нан Бишкекте дүңүнөн 52 сом 50 тыйын (1 килограммы), калган аймактарда — 56 сом 50 (1 килограммы) тыйындан ашпай сатылышы шарт.
Бөлкөнүн килограммына чекене баа – 62 сом 50 тыйын, калган аймактарда — 65 сомду түздү.
Тандыр нандын 1 килограммы Бишкекте дүңүнөн 89 сом турса, чекене баасы 100 сомдон ашпашы керек.
Чүй, Нарын облустарында дүңүнөн 92 сомго, чекене – 101 сомго сатылат. Ысык-Көл, Баткен облустарында дүңүнөн – 99 сом, чекене – 116 сом, Талас, Ош, Жалал-Абад облустары дүңүнөн – 89 сом, чекене – 100 сом турат.
Белгилей кетсек, бул 1-сорттогу ундан жасалган нандын наркы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом