Кыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаятБишкектин айрым райондорунда 6-октябрда 17 саатка суу өчүрүлөтАдылбек Касымалиев Беларуста иш сапарын жыйынтыктадыКыргызстанда калктын 33%ын балдар түзөт, ал эми улгайган адамдардын үлүшү өсүүдөТоолордо кар жаап, шамал катуулайт: 4-октябрга карата аба ырайы
Антимонополия кызматы нандын баасын аныктады
10.10.2023 | 15:32
Антимонополия кызматы бөлкө нан менен тандырда жабылган токочтун баасын белгиледи.
Мекеменин маалыматында, бөлкө нан Бишкекте дүңүнөн 52 сом 50 тыйын (1 килограммы), калган аймактарда — 56 сом 50 (1 килограммы) тыйындан ашпай сатылышы шарт.
Бөлкөнүн килограммына чекене баа – 62 сом 50 тыйын, калган аймактарда — 65 сомду түздү.
Тандыр нандын 1 килограммы Бишкекте дүңүнөн 89 сом турса, чекене баасы 100 сомдон ашпашы керек.
Чүй, Нарын облустарында дүңүнөн 92 сомго, чекене – 101 сомго сатылат. Ысык-Көл, Баткен облустарында дүңүнөн – 99 сом, чекене – 116 сом, Талас, Ош, Жалал-Абад облустары дүңүнөн – 89 сом, чекене – 100 сом турат.
Белгилей кетсек, бул 1-сорттогу ундан жасалган нандын наркы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом