Чүйдө тургундан «общак» үчүн акча опузалаган шектүү кармалды (видео)

Чүйдө тургундан «общак» үчүн акча опузалаган шектүү кармалды (видео)

Каракчылык менен кол салууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, сентябрь айында Жайыл районундагы конуштардын биринде белгисиз адамдар Чүй облусунун тургунун бычак менен коркутуп, уюлдук телефонун жана 5 миң сом акчасын тартып алган. Алар «общак» үчүн акча талап кылышкан.

Кийин алар он миңдеген сом акча опузалай баштаган. Андан тышкары, кылмышкерлер телефон чалууга кокустан жооп берген жабырлануучунун үй-бүлө мүчөлөрүн да коркутушкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 2-бөлүгү (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда милиция бул ишке шектүүлөрдүн бирин — Чүй облусунун 24 жаштагы М.И. аттуу тургунун кармашкан. Ал мурда соттолгон.

Азыркы тапта аталган ишке тиешеси бар башка адамдарды издөө иштери жүргүзүлүүдө.

«Ички иштер министрлиги жарандардын укуктарына, эркиндиктерине жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына кол салган кылмышкерлерге  мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирет», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>