«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун өлчөмү көбөйдүЖогорку Кеңеште жасалма интеллектти колдонгон коомдук кабыл алуу бөлүмү иштей баштадыОшто Увам каналы тазаланып, жээги тосулуудаБишкекте киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү чаралары талкууланды90 млн сом зыян — Туризм фондунун чиновниктери каражатты максатсыз короткон деп шектелүүдөБишкек — Ош багытындагы билеттер 8 820 сомдон 7 600 сомго чейин арзандады
Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду
13.11.2023 | 19:04
Кадыров Азамат Кадырович Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык менчик жана жер пайдалануу боюнча орун басары болуп дайындалды.
Мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.
Буга чейин бул кызматты Нурдан Орунтаев аркалап келген, ал эми Кадыров мэриянын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директорунун орун басары болуп келген.
Ошондой эле, Уезбаев Улан Калмурзаев Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.
Буга чейин бул кызматты Айдар Токонов аркалап келген, ал эми Уезбаев директордун орун басары болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар