Өч алуу үчүн бильярд клубун өрттөшкөн. Кара-Сууда эки кыз кармалдыМэрия шаардык кеңештин кароосуна сууга болгон жаңы тарифтерди алып чыкты — долбоорБеловодское айылында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналып 150 түп дарак тигилдиБекешев Жогорку Кеңештеги кадрдык дайындоолорго УКМКнын кийлигишүүсү тууралуу айттыБайтик айылынан «Ала-Арча» паркына чейин веложол курулуудаКытайлык компаниялар Кыргызстандын курулуш тармагына инвестиция салууга кызыкдар
Кыргызстан Олимпиада оюндарына 30 лицензия алууну көздөөдө
04.04.2024 | 12:50
Кыргызстан быйыл Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына 30 лицензия алууну көздөөдө. Бул тууралуу парламентте маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов билдирди.
“Быйыл Олимпиада жылы. Биз олимпиадага катуу даярданып жатабыз. Азыр 6 лицензия бар. Майдын аягына чейин 30дай лицензия алууга аракет кылып жатабыз”, – деди ал.
Эскерте кетсек, Олимпиада оюндары быйыл 24-июлдан 11-августка чейин Франциянын борбору Парижде өтөт.