Жогорку Кеңешке Того менен инвестицияларды коргоо боюнча макулдашуу киргизилди2030-жылга чейин Чүй облусунун 100 миң тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз болотСүлүктүдө шахта урап, бир кенчи каза болду — ӨКМКытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылат
Грек-рим балбандары дүйнө чемпионатында байгесиз калды
29.10.2024 | 11:23
Кыргызстандын грек-рим балбандары Албанияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында байгесиз калды.
Күрөштүн олимпиадалык эмес салмактары (55, 63, 72, 82 кг) боюнча чоңдор арасында дүйнө биринчилиги кечээ, 28-октябрда башталган.
Кыргызстандын атынан таймашка чыккан Улан Муратбек уулу (55 кг), Ырыскелди Хамзаев (72 кг), Азат Салидинов (82 кг) биринчи беттешинде, ал эми Дастан Кадыров (63 кг) экинчи кармашында жеңилүү ызасын тартты. Аларды уткан балбандар финалга чыга албай калгандыктан, кыргызстандык спортчулар коло үчүн күрөштү улантуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.
Бүгүн дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштар өтөт. Кыргызстандан ага эч ким катышпайт. Ал эми эртең, 30-октябрда эркин күрөш боюнча беттештер башталат.