Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Бишкекте көк бөрү боюнча мелдеште улакчы каза болду
12.03.2025 | 13:58
Бишкектеги четиндеги «Ак-Кула» ат майданындагы Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү боюнча оюнда улакчы каза болду.
Кырсык биринчи лигадагы «Бөрүлү» жана «Бүркүт» командаларынын оюну учурунда болгон. «Бөрүлүнүн» көк бөрүчүсү улакты эңип жатканда аны атаандаш команданын улакчысы ат менен келип сүзгөн. Көк бөрүчү жерге кулап, оюн токтотулган.
Ленин райондук милициясы билдиргендей, 45 жаштагы улакчы (С.М.) ооруканага жетпей каза болгон. Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл сайын Ноорузга карата көк бөрү боюнча мелдеш уюштурулуп келет. Ага жогорку, биринчи жана экинчи лигадагы командалар катышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом