2026-жылдын биринчи жарымында өлкөгө 709,9 млн доллар инвестиция тартылган7-ноябрда өлкөдө күн ачык жана жылуу болот«Бул сыйлык меники эле эмес» — Зухра Шидакова Достук ордени жөнүндөАрабаев атындагы КМУда заманбап журналистиканын көйгөйлөрү боюнча конференция өттүКоомдук ишмер, академик Жамин Акималиев 90 жашында дүйнөдөн кайттыБишкектин 9 жана 10-кичи райондорунда 10-ноябрда суу болбойт
Бишкекте көк бөрү боюнча мелдеште улакчы каза болду
12.03.2025 | 13:58
Бишкектеги четиндеги «Ак-Кула» ат майданындагы Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү боюнча оюнда улакчы каза болду.
Кырсык биринчи лигадагы «Бөрүлү» жана «Бүркүт» командаларынын оюну учурунда болгон. «Бөрүлүнүн» көк бөрүчүсү улакты эңип жатканда аны атаандаш команданын улакчысы ат менен келип сүзгөн. Көк бөрүчү жерге кулап, оюн токтотулган.
Ленин райондук милициясы билдиргендей, 45 жаштагы улакчы (С.М.) ооруканага жетпей каза болгон. Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл сайын Ноорузга карата көк бөрү боюнча мелдеш уюштурулуп келет. Ага жогорку, биринчи жана экинчи лигадагы командалар катышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом