Бишкекте дайынсыз жоголгон 13 жаштагы кыз Сокулук районунан табылдыБишкекте ижарага берилүүчү электросамокаттар төрт күнгө алынып салынатБишкекте мушташтан кийин чет өлкөлүк жарандар милицияга жеткирилди29-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуКыргызстанда аба ырайы +38°Cге чейин ысыйт: 29-августка карата аба ырайынын божомолуБишкекте 13 жаштагы өспүрүм кыз үч күндөн бери изделүүдө
Кыргызстан 2025-жылы жалпы 41 млрд сом грант жана кредит алат
12.03.2025 | 14:32
Кыргызстан 2025-жылы жалпы 41 млрд грант жана кредит алат. Бул тууралуу бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.
Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо Кыргызстан 2024-жылы чет өлкөдөн жалпы канча грант жана кредит алганын сураган.
Каржы министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Акжолов 2024-жылы Кыргызстан чет өлкөдөн мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун алкагында 35 млрд сом алганын билдирди. Анын ичинен 14 млрд сом грант, 21 млрд сом кредит түрүндө келген.
Ал эми 2025-жылга Кыргызстан чет өлкөдөн 13 млрд сом грант, 28 млрд сом насыя, жалпы 41 млрд сом алууну пландоодо.
Каржы министринин орун басары Алтынбек Кудайбердиев бардык насыялар өз убагында төлөнүп жатканын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат