Манас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алынды

10.10.2025 | 20:00

2025-жылдын 5-октябрында Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө Манас шаарынын 2001-жылы туулган тургуну А.Д. арыз менен кайрылган.

Арызда ошол эле күнү таңкы саат 07:00 чамасында ага тааныш болгон 1987-жылы туулган К.Н. (Майрамбек) аттуу жаран Сузак районунун Кызыл-Туу айылында эч себепсиз кол көтөрүп, бетинен уруп, тепкилеп, денесине жаракат келтиргени көрсөтүлгөн.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул факты боюнча маалымат Сузак РИИБнин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча катталып, кылмыш иши козголду.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Манас шаарынын 1987-жылы туулган тургуну К.Н. кармалып, Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Scroll to Top