Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеттиАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 4 балалуу энеге 151 миң сом алимент өндүрүлдүЭкономика өсүш менен башталды, бирок баалар да калышпайт. 2026-жылдын январь айынын корутундусуКыргызстандын жана Россиянын энергетиктери Жогорку Нарын ГЭС каскады долбоору боюнча кадамдарды белгилешти«Ала-Арча» паркына курулган жаңы асма жол расмий түрдө ачылдыБишкек Брюсселдин бутасында: Евробиримдик Кыргызстанга санкция киргизиши мүмкүнбү?
Сооронбай Жээнбеков Путиндин аппарат башчынын орун басары менен жолугушту
13.10.2020 | 16:16
Президент Сооронбай Жээнбеков Орусия президенти Владимир Путиндин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Кремлдин өкүлү менен президент Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусуна Садыр Жапаров дагы катышкан.
“Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдан жаралган кризистин алгачкы күндөрүнөн тартып Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путинге бир нече жолу телефон чалган. Орусия тарап кырдаалга карата тынчыздануусун билдирип, абалды жөнгө салуу үчүн жардам берүү сунушун киргизген ”, – деп жазылат президенттик аппарат тараткан билдирүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат