Кытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылатКытай менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары майрам күндөрү убактылуу жабылатОш – Кашкар багыты боюнча түз авиакаттам ачылдыКыргызстандын агроэкспортунун үлүшү бир жылда 8,8%дан 13,3%га өстү
Жамалдинов: Текшерүү келсе, кой союп коноктогонду токтоткула – видео
20.09.2021 | 10:39
Айыл өкмөттөргө текшерүү келсе, кой союп коноктогонду токтоткула. Мындай пикирин президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов эл менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымына караганда, айыл өкмөттөрдү текшерүү органдары кезекке коюп алган.
“Алар “биз төрт-беш киши болуп келебиз, чай даярда” дейт. Анан айыл өкмөттөргө барып, союшту жейт. Эмне дейсиңер, алар өз чөнтөгүнөн кылат беле? Жок, бюджеттин эсебинен чай берүүдө. Азыр ушундай тапшырма берип жатам, чай бергенди токтотолу деп. Мына мен өзүмдөн баштап жатам, азыр беш районду кыдырып келдим. Ал жактан чайын да ичкен жокмун жана союшун да жеген жокмун. Эч нерсе болбой эле кеттим”,- деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат