Аба-ырайы: Эртең жамгыр жаашы күтүлөт

Аба-ырайы: Эртең жамгыр жаашы күтүлөт

Кыргызгидрометтин берген маалыматына караганда, эртең, 5-июлда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +19…+24;

Талас жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +18…+23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +18…+23, күндүз +27…+32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +22…+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, эртең менен жана күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +22…+34 градус болот.

Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>