Жапаров Нарындагы жаңы эки жетекчини тааныштырды

Жапаров Нарындагы жаңы эки жетекчини тааныштырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов менен  Нарын облусунун Кочкор районунун жаңыдан дайындалган акими Эрмекбай Омошевди эмгек жамаатка тааныштырды.  Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Нарын облусуна да бүгүн жаңы жетекчи дайындалды. Экөөңөр тең так жана ак ниет иштеп, Нарынды ар тараптан өнүктүрүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонушуңар керек. Бизге азыр ынтымак жана биримдик керек, бөлүнүп жарылбайбы— деди Акылбек Жапаров.

Кыргызстанда акимдерди  ротациялоо ийгиликтүү  ишке ашып жатканын белгилеген Акылбек Жапаров  аймактарда мурунку кызматтык үйлөр кайра жаңыланарын  кошумчалады.

«Райондук жана облустук деңгээлде жакында сотторду жана район прокурорлорун ротациялоо ишке ашты. Региондогу  мурунку мамлекеттик кызматтык үйлөр менчиктештирилип кеткен. Анын ордуна  Президентибиздин демилгеси менен  жаңы кызматтык үйлөрдү курууга кириштик. Пилоттук долбоор катары алгач Түп районуна жетекчилер үчүн 5-6 үй куралы деп жатабыз. Элибиз да, жерибиз да бир. Жер алмаштырып бөлүнбөй элге кызмат кылалы.  Экономикабыз көтөрүлсө алдыда мектеп директорлорун жана ооруканалардын башкы дарыгерлерин да ротация жолу менен  иштетүүгө барабыз — деди министрлер кабинетинин башчысы.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык Нарын облусунун Кочкор районунун акими Курманбек Камчыев ээлеген кызматынан бошотулган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>