Абакта отуруп алып ишкерлерди опузалап акча талап кылган адам аныкталды

Абакта отуруп алып ишкерлерди опузалап акча талап кылган адам аныкталды

Жалал-Абад облусунда ишкерлерди опузалап коркутуп, ири өлчөмдө акча талап кылган шектүүлөр  кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Белгилүү болгондой,  27 жаштагы ишкер аны опузалагандарга чара көрүүну суранып, милицияга арыз жазган. Ыкчам-иликтөө иш чараларынын негизинде, опузалап акча талап кылган 33 жаштагы адам жаны анын шериктери аныкталган.

Натыйжада, Аксы районундагы Кербен шаарынын аймагынан Аксы районунун 27 жаштагы тургуну 11 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармалган. Ал эми  жогорудагы кылмыш ишин уюштурган 33 жаштагы адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.  Ал түзөтүү абактарынын биринде жазасын өтөп жатканы белгилүү болгон.

Материалдар  Жазык кодексинин 203-беренеси (“Опузалап талап кылуу”) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.  Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.
[su_image_carousel source=»media: 48466,48465,48464,48463″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>