Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
Милиция кызматкери абактагылардан акча чогултууга көмөктөшүп жүргөн
22.02.2024 | 10:08
Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы С.у.Н. түрмөдөгүлөрдөн акча чогултууга жардамдашып жүргөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен кызматташып, алардан акчалай компенсация алып турган.
Милициянын жардамы менен кылмышкерлер абакка ээн-эркин кирип чыгып, соттолуучуларды сабап, ири суммадагы акча талап кылып келген.
2023-жылы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү абактагылардан 6,5 миллион сом өндүргөн.
Бул ишке шектелип С.у.Н. менен бирге Ош шаарынын 25 – сизосунун “положенеци” А.Т.К. жана Жалал-Абад шаарынын ШИИБ УКЖнын “смотрящийи”болуп саналган М.М.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал