Абактан чыккан активист Мелис Аспеков үн катты

Абактан чыккан активист Мелис Аспеков үн катты

Жакында эле абактан чыккан активист Мелис Аспеков «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

«Кандайсыздар туугандар, сиздерди сагындым! Эптеп бошодук. Ден соолукка байланыштуу авабыз ырайымдуулук бергени чын. Жашоо кызык экен… Дашковдон каражат алмак турсун, сурайын деген ой келген эмес. Бардык жерден далилдеп берем. Убакыт чындыкты, акыйкаттыкты орнотот деп ишенем»,  — дейт ал.

Ал камактан чыккандан кийин колдоо көрсөтүп, жылуу сөздөрүн айтып жаткан адамдарга ыраазычылык билдирген.

«Биздин сот мени актабаса, тарых сөзсүз мени актайт. Көп нерсе али алдыда…», — деп жазды ал.

Ал өзүнүн постунун алдына тамаша иретинде «даканса эмес, секин-секин через Пекин жүрүш керек окшойт» деп жазган.

Эскерте кетсек, Аспеков «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы директору Василий Дашковдон 250 миң доллар опузалоого айыпталган. Былтыр ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 7 жылга соттолгон. Кийинчерээк Бишкек шаардык сот аталган өкүмдү өзгөртүп, Аспековду 6 жылга эркинен ажыраткан.

Аспеков быйыл 23-майда Садыр Жапаровдун ырайым берүү тууралуу жарлыгына ылайык абактан чыккан.

Жапаров ырайым берди. Активист Мелис Аспеков абактан чыкты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>