“Эл үмүтү” стипендиясы үчүн атайын сайт иштеп баштады

“Эл үмүтү” стипендиясы үчүн атайын сайт иштеп баштады

Президенттин алдындагы  “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына катталуу үчүн https://umut.edu.gov.kg/ сайты иштеп баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, талапкерлердин документтерин онлайн кабыл алуу 1-июндан 30-июнга чейин жүргүзүлөт. https://umut.edu.gov.kg/ порталы аркылуу каттоо формасын толтуруп, талап кылынган документтерди жүктөө керек. Ошондой эле документтердин оригиналын министрликтин 3-кабатында жайгашкан 317-кабинетине тапшыруу зарыл.

Жыл сайын 50 “Эл үмүтү” стипендиясы бөлүнөт, алардын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 20, экономикалык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 10, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 10, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн — 10.

“Эл үмүтү” стипендиясы жекече болуп саналат жана жыл сайын Республикалык комиссия тарабынан конкурстук тандоодон өткөн таланттуу жаштарга ыйгарылат.

“Эл үмүтү” стипендиясы жыл сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражатынан бөлүнүп турат.

“Эл үмүтү” стипендиясы Кыргыз Республикасынын таланттуу жаштарына көмөк көрсөтүү максатын көздөйт. Стипендия таланттуу жаштарга QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Стипендия катышуунун шарттары тууралуу кененирээк маалымат – https://edu.gov.kg/announcements/232/

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: эл үмүтү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>