Абактан чыккан Роза Сало карылар үйүндө калды (ВИДЕО) 

Абактан чыккан Роза Сало карылар үйүндө калды (ВИДЕО) 

Абактан эркиндикке чыккан Роза Сало карылар үйүндө башкалоодо. Бул туурасында Юстиция министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, анын документтерин калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүлүп жатат. Жардам сурагандардын арасында Роза Сало да кайрылган, анын ишин жактоочу Жээнбек Абджигулов колго алган.

Жашы улгайып калганына байланыштуу Роза Сало бошотулган күндөн тартып убактылуу жашоо үчүн «Астерия» Коомдук фондунда болгон. Анын жеке турак жайы жана жардам сурап кайрыла турган жакындары жок. Мындан тышкары Роза Сало өздүгүн тастыктаган бардык документтерин жоготуп, кайра калыбына келтире алган эмес, анткени ал каттоого турган туруктуу жашаган жери жок.

Жактоочунун өтүнүчү боюнча, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун 2022-жылдын 15-февралындагы чечими менен 1 жыл 5 ай 25 күндүк жазанын калган мөөнөтүн өтөөдөн шарттуу түрдө бошотулган.

Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан мезгилде 9 ыраазычылыкка ээ болуп, администрация аны оң сыпаттап, оңдоо жолуна түшкөнү аныкталган.

16-март күнү Роза Сало карылар үйүнө жайгаштырылып, бүгүнкү күндө документтерди калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Юстиция министрлиги №2 колониядагы соттолгон аялдарга юридикалык кеп-кеңештерди берүүнү улантат жана башка колонияларга да баруу пландаштырылууда.

10-февраль күнү Юстиция министрлиги тарабынан башталган пилоттук долбоордун алкагында, ошондой эле Жазык-аткаруу мыйзамдарды гумандаштыруу үчүн МКЮЖ системасынын юристтери №2 аялдардын түзөтүү колониясына камактагы аялдарга юридикалык жардам берилди.

Бир күндө 60 иш каралып, анда 41 иш боюнча жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бар экени аныкталды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>