Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Москвада «Нарын» эркин экономикалык аймагынын өкүлчүлүгү ачылды
12.05.2026 | 16:54

Москва шаарында «Нарын» эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) башкы дирекциясынын өкүлчүлүгү ачылды. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалыматында, бул чара Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү максатын көздөйт.
Ачылыш аземге Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигинин өкүлдөрү катышкан. Долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн «Москва-Тянья» эл аралык автоунаа борборуна ыраазычылык кат тапшырылган.
Жаңы өкүлчүлүк төмөнкү багыттарда ишмердүүлүк жүргүзөт:
- бизнес өкүлдөрүнө эркин экономикалык аймактын жеңилдиктери боюнча консультация берүү;
- экспорттук операцияларды колдоо;
- инвесторлор жана өнөктөштөр үчүн шарттарды түзүү.
Өкүлчүлүк Москва шаары, Каширское шоссеси, 61-үй, 3А корпус дарегинде жайгашкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика