Видео: “Абдыш-Ата” 18 мүнөттө 4 гол киргизип, “Алтын Асыр” клубун жеңип чыкты

Видео: “Абдыш-Ата” 18 мүнөттө 4 гол киргизип, “Алтын Асыр” клубун жеңип чыкты

Кыргызстандык “Абдыш-Ата” футболдук клубу АФК кубогунун алкагындагы беттеште түркмөнстандык “Алтын Асыр” командасын 4:2 эсебинде утуп алды.

Беттеш 30-ноябрда АФК кубогунун тайпалык баскычынын алкагында Түркмөнстандын борбор калаасындагы «Ашхабад» стадионунда өттү.

Оюндун башында, 8 жана 15-мүнөттө “Абдыш-Ата” өз дарбазасына 2 гол өткөрүп, “Алтын Асыр” алдыга чыккан. Бирок кыргызстандык футболчулар утулуп жатканына карабай, 18 мүнөттө 4 гол киргизип, оюнду жеңип чыгууга жетишти.

Беттештин экинчи бөлүгүндө, 51-мүнөттө Фархат Мусабеков гол киргизип, эсепти 1:2 кылды. Арадан 7 мүнөт өтүп-өтпөй Эрнист Батырканов эсепти теңеди. Үчүнчү голду 65-мүнөттө кайра Фархат Мусабеков киргизди. 4 мүнөттөн кийин “Абдыш-Атанын” катарында ойногон Эммануель Ягр дагы 1 гол киргизип, эсепти 4:2 кылды.

Тайпалык баскычта 5 оюн өткөргөн “Абдыш-Ата” 13 упай менен өз тайпасында биринчи орунду ээлеп, мөөнөтүнөн мурда плей-офф баскычына чыкты. “Абдыш-Ата” АФК кубогунун плей-офф баскычына чыккан биринчи кыргызстандык клуб болуп калды.

“Абдыш-Атанын” тайпалык баскычтын алкагындагы акыркы беттешти Бишкекте 14-декабрда өтөт. Анда “Абдыш-Ата” түркмөнстандык “Мерв” клубу менен ойнойт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>