ККМге каршы акцияга Ош, Каракол, Талас, Кара-Балта кошулду

ККМге каршы акцияга Ош, Каракол, Талас, Кара-Балта кошулду

Контролдук-кассалык аппараттарды орнотууга каршы чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн каршылык акциясы аймактарда уланууда.

Бүгүн Ош шаарындагы борбордук аянтка соодагерлер чогулушту. Алар башка аймактагы ишкерлер сыяктуу эле патент менен иштөөгө уруксат берүүнү суранышат.

Салык тармагындагы өзгөрүүлөргө нараазычылык Каракол, Талас жана Кара-Балта шаарында дагы болуп жатат. Ысык-Көл облусунун ишкерлери бийликке расмий кайрылуу жөнөтүшөрүн айтышты.

Белгилей кетсек, Бишкекте бүгүн «Аламүдүн» базары жабылды. Ишкерлердин айтымында, патент системасы ордунда калганча соодагерлер ишке чыкпайт.

30-ноябрь күнү Бишкектеги үч базардын ишкерлери иш таштады. «Дордойдун» соодагерлери патент системасын калтырууну талап кылса, «Мадина», «Орто-Сай» соода түйүндөрүнүн ишкерлери контролдук-кассалык аппараттарды коюга каршылыгын айтышты.

Бүгүн «Дордойдогу» митингге катышкан бир жаран бейбаштык кылууга шектелип кармалды. 

Эскерте кетсек, жаңы жылдан тарта ишкерликтин 12 түрүнө патент жоюлат. Соодагерлер бирдиктүү салык режимин тандап, кассалык аппараттарды орнотушу зарыл. Өлкөдө патент менен ишкердик кылгандардын 69 түрү бар.

Бирдиктүү салык тартибине ылайык жылдык киреше 8 миллион сомго жетпесе, салыктан бошотулат. 30 миллион сомго чейин жүгүртсө 0,5% менен салык төлөшөт. 30 миллион сомдон 50 миллион сомго чейинки каражатты айлантса 1% менен төлөйт.

«Ансыз деле соода жок». «Аламүдүн» базарынын ишкерлери митингге чыгышты (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>