Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
“Абдыш-Ата” менен “Дордой” футбол клубтарынын беттешинен кийин чыр чыкты
15.05.2024 | 09:40
Кечээ “Дордой” стадионунда өткөн оюндан кийин бир нече жаран милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Анда “Дордой” футбол клубу “Абдыш-Ата” менен беттешип, атаандашын 3:0 упай менен утуп алган.
Оюндун аягында “Абдыш-Атанын” футболчусу менен көрүүчүнүн ортосунда кайым айтышуу болгон. Ага катышкан жарандар милицияга жеткирилип, алар менен түшүндүрүү иштери жүргөн.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы “майда бейбаштык” беренеси менен иш козгоп, текшерүү жүргүзүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар