Кыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилдиГутерриш: кийинки пандемия сөзсүз болот, ага азыртан даярдануу керек
“АЧК-11” долбоору: Дыйкандарга 1,9 млрд сом насыя берилди
06.05.2023 | 14:09
«Айыл чарбасын каржылоо -11» долбоору боюнча 4-майга карата жарандарга 1 млрд 901 млн 184 миң сом насыя берилди. Бул тууралу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча 420 млн 993 миң сомго 1 миң 15 насыя берилген:
– “Айыл Банк” – 246 млн 618 миң сомго 575 насыя;
– “РСК Банк” – 174 млн 375 миң сомго 440 насыя.
Мал чарбачылык категориясы боюнча 1 млрд 480 млн 191 миң сомго 3 миң 179 насыя берилген.
– “Айыл Банк” – 594 млн 693 миң сомго 1 миң 250 насыя;
– “РСК Банк” – 885 млн 498 миң сомго 1 миң 929 насыя.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз