Ошто индиялык студент каза болду. Милиция эмне дейт?

Ошто индиялык студент каза болду. Милиция эмне дейт?

Ош шаарында 5-майда көп кабаттуу үйдөн кулап каза болгон индиялык студенттин өлүмү боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg’ге шаардык милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, маркум ОшМУнун медицина факультетинин 4-курсунун 22 жаштагы О.Ч. аттуу студенти болгон. Ал болжол менен саат 16:00до Курманжан Датка кичи районундагы үйдүн 6-кабатынан кулап, көз жумган. Окуя болгон учурда батирде аны менен бирге жашаган мекендештери – 5 эркек жана 3 кыз болгон.

Милициядан билдиришкендей, батирде болгондор ичимдик ичкен эмес. Окуя учурунда үйдө болгондор, сурак берген. Алар маркум жакшы бала болгонун, кантип кулаганын байкабай калганын айтышкан.

Учурда окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, мугалимдери жана кошуналары суракка алынууда.

Алдын ала версия боюнча, маркум студент суицид жасаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>