Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча программа бекитилди

Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча программа бекитилди

2022-2025-жылдар аралагында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Программанын максаты мамлекеттик органдардын коомдук жана эл аралык уюмдар менен ишин жана кызматташуусун координациялоонун негизинде адамдарды сатуудан жабыр таркан адамдардын – жактардын укуктарын илгерилетүүгө багытталган адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чараларынын системалуу ыкмасын жана натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылуу болуп саналат.

Кабыл алынган программа төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:

– адамдарды сатуунун алдын алууга, бөгөт коюуга, аларга жардам көрсөтүү жана коргоо максатында адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоого жана кайра жиберүүгө багытталган адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негиздерин укуктук регламенттештирүү;

– адамдарды сатуунун алдын алуу;

– адамдарды сатууга күнөөлүүлөргө бөгөт коюу жана кылмыш куугунтугуна алуу;

– адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо жана жардам көрсөтүү;

– адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү өнөктөштүк, кызматташтык жана ишти координациялоо.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>