Адамдарды алдап кеткен турак жай кооперативдеринин тизмеси

Адамдарды алдап кеткен турак жай кооперативдеринин тизмеси

2022-жылдын 12 айына карата турак жай кооперативдери тарабынан алдамчылык фактылары менен жалпысынан 16 турак жай кооперативине арыз-даттануулар келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан билдиришти.

Арыз түшкөн турак жай кооперативдери:

— “Ак үй КЖ”,

— “Жилье Гарант” ,

— “Элдик Групп”,

— “Ихсан Групп ЛТД”,

— “Береке ЛТД”,

— “Дарим хаус”,

— “Ордо-Мурас”,

— “М строй групп”,

— “С-Лайн”,

— “Биринчи турак-жай кооперативи”,

— “Ансар”,

— “Ипотека”,

— “МПК коператив”,

— “Нью миленниум”,

— “Эл биримдиги”.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 12 айына карата Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 1515 кылмыш иши катталган, мурунку жылдан 9 кылмыш иши өткөн, бардыгы болуп 1524 кылмыш иши өндүрүшкө алынган. Анын ичинен 1284 кылмыш иши соттук кароого жиберилген.

“Жалпысынан 1524 адам жабырлануучу болуп табылган. Келтирилген материалдык зыян 901 млн. 726 миң 029 сомду түзөт. Учурда өндүрүлгөнү 108 млн 855 миң 713 сом  түздү. Бардык козголгон кылмыш иштери боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзам чегинде тергелип сотко жиберилди. Учурда калган кылмыш иштери боюнча тергөө уланууда”, — деп айтылат маалыматта.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарга коммерциялык эмес турак жай кооперативдери аркылуу үйлөрдү сатып алуу максатында акча каражаттарын салууда тобокелчиликтер бар экендигин эскертет.

“Урматтуу жарандар, турак жай алууда абдан сак болуу керек. Сиздерди алдап кетиши толук мүмкүн. Учурда 1524 адам алданып, келтирилген зыяндын саны миллиард сомго чукулдады”, — деп эскертет ИИМ.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>