Адамдын сууга чөгүп жатканын кантип билсе болот? Адистен кеңеш

Адамдын сууга чөгүп жатканын кантип билсе болот? Адистен кеңеш

Ички иштер министрлиги адам сууга чөгүп бараткандыгынын негизги белгилерин санап өттү.

Сейрек учурларды эске албаганда, чөгүп бараткан адамдар физиологиялык жактан жардамга чакыра алышпайт. Адам биринчиден дем алууга аракет кылат, андан кийин гана сүйлөп, кыйкырат. Чөгүп бараткан адамдын оозу сууга кирип-чыгып турат, суудан чыкканда дем алууга аракет көрүп, кыйкырганга үлгүрбөй калат.

Ошондой эле чөгүп бараткан адамдар башкалардын көңүлүн бурдуруу үчүн колдорун шилтей алышпайт. Алар инстинктивдүү түрдө суудан көтөрүлүү максатында колдорун капталына сунуп кыймыл-аракет жасашат. Мындай кыймылдар дем алуу үчүн суудан өйдө калкып чыгууга мүмкүндүк берет. Чөгүп бараткан адамдын денеси тик бойдон калат жана буттары эч кандай жардамсыз иштеп калат.

Эгерде даярдалган куткаруучу аны суудан чыгарбаса, 20-60 секунддан кийин ал чөгүп кетет.

Чөгүп бараткан адамдын негизги белгилери:

  • Башты сууда, оозду суу деңгээлинде кармайт;
  • Башын артка эңкейтип, оозун ачат;
  • Көздөрү тумандап, эч нерсеге көңүл бурбайт;
  •  Көздөрү жумулган;
  •  Чекесин же көзүн чачы жаап калат;
  •  Бутту колдонбойт, сууда тик абалда турат;
  •  Абдан көп жана үстүртөн дем алат же оозуна абаны кармайт;
  • Артка оодарылууга аракет кылат;
  • Аркан тепкич аркылуу чыккандай аракеттерди көрөт, бирок кыймылы дээрлик ар дайым суу астында жүрөт.

Ал эми ӨКМдин суучулдар кызматынын жетекчиси Урматбек Шамыркановдун айтымында, ар бир эс алуу жайында, пансионатта сөзсүз эки-үчтөн куткаруучу болушу шарт. Эгер жакын жерде жок болуп калса, өзүңүз сүзгөндү билсеңиз, жаныңызга чабак урганды билген эки-үч адамды алып, чөгүп жаткан адамга тезирээк барыңыз. Эгер сиз көлдүн жээгинде эмес, сууда болуп калсаңыз үнүңүздүн жетишинче кыйкырып, элди жардам берүүгө чакырыңыз. Анткени чөккөн адамга бир эле кишинин алы келбей калышы ыктымал. Мындан сырткары, ар бир жээкте куткаруу посттор турат. Ошол жактан атайын жилет, баллондорду алып колдонсоңуз болот.

Эскертүү! Эгер сиз жакшы сүзгөндү билбесеңиз башка кишилерди жардам берүүгө чакырыңыз. Жакшы сүзө албаган киши чөгүп жаткан адамга жардам бере албайт. Тескерисинче, экөөңөр тең суу алдында калышыңар ыктымал. Чабак урганды жакшы билбеген адам сууга түшөөр алдында жээктеги куткаруучулардан сүзүүнүн эрежелерин, кокус чөгө баштаса кандай белги берсе болоорун сурап алуусу керек.

Чөккөн адамды жээкке алып чыкканда биринчи кандай жардам көрсөтүлөт?

Көпчүлүк адамдар чөккөндө суу жутуп алат. Аны жээкке алып чыгаары менен оозу-мурдунда суу калса, чыгарып тазалай коюш керек. Эгер жасалма дем алдырганды жана жүрөккө массаж жасаганды билсеңиз, дароо жардам бере баштаңыз. Бирок андай болгон күндө дагы Тез жардам менен  куткаруучуларды чакырыңыз. Айлана-чөйрөдөгү сууга түшүп жаткан адамдарды байкап, көз салып коюңуз!

 

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: куткаруу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>