Өзбекстанга товар, валюта алып өтүү үчүн: Кезектеги туннель табылды

Өзбекстанга товар, валюта алып өтүү үчүн: Кезектеги туннель табылды

УКМК тарабынан аткезчилик иштерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 2022-жылдын 24-июнунда Баткен облусунун Кадамжай районунун Кайтпас айылында туннель табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, туннель Өзбекстан менен жектешкен мамлекеттик чек ара сызыгынын астынан өтөт. Болжолдуу түрдө, бул туннель контрабандалык эл керектөөчү товарларды, курал-жарактарды, ок-дарыларды,  мыйзамсыз миграцияны, накталай акчаларды жана баңгизаттарды ташуу үчүн колдонулган.

Бул үйдүн ээси Ош облусунда туулган У.С.И. экени аныкталды. Бул тоннелдин туурасы 1,5 метр, бийиктиги 2,1 метр, кыргыз-өзбек чек арасына чейинки узундугу 60 метрди түзөт.

Учурда бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Туннель

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>