«Адепсиздик кылдым, кылмыш эмес». Аскат Жетиген сотто акыркы сөз сүйлөдү (видео)

«Адепсиздик кылдым, кылмыш эмес». Аскат Жетиген сотто акыркы сөз сүйлөдү (видео)

Бүгүн, 1-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда акын Аскат Жетигендин соту уланды.

Бүгүн акынга акыркы сөз берилип, андан кийин сот өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кетти.

Аскат Жетиген акыркы сөзүндө буга чейинки видеокайрылууларында башаламандыктарга, бийликти басып алууга чакырыктар жок экенин, өзүнө коюлган айыптар менен макул эместигин билдирди.

«Адепсиздик кылдым. Ал үчүн элден кечирим сурайм. Бирок ал сөздөр Кылмыш-жаза кодексине туура келбейт. Ал административдик айыппул менен бүтө турган иш», — деди ал.

Аскат Жетиген — ырчы, акын, обончу, комузчу. Ал элге «Зарыкканда», «Кусалык», «Кыргызым» аттуу ырлары менен таанымал. 18 жашында «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык ансамблин жетектеген. Буга чейин ал азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видеокайрылууларды жасап келген.

15-мартта ал бийликти сындап, каарып-сөккөн видеокайрылуусун чыгарган. Бул видеодон кийин эле 16-мартта УКМКнын кызматкерлери Аскат Жетигенди Кочкордон кармап, Бишкекке алып кеткен. Бирок ал 15-марттагы эмес, ага чейинки видеокайрылуусу үчүн 2022-жылы козголгон кылмыш иши боюнча кармалганы кабарланган. УКМК ага «бийликти басып алууга чакырык жасоо» деген айып таккан.

Акын 48 саат камакта болгондон кийин 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан аны эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотулган.

Бирок Аскат Жетиген 20-мартта УКМК тарабынан кайра кармалган. Бул ирет анын кармалышына 15-марттагы видеосу себеп болгон. Ага «массалык башаламандыктарга чакырык» беренеси менен иш козголгон.

Кийин иш тергелип бүтүп, Свердлов райондук сотунун кароосуна жөнөтүлгөн. 23-майдагы соттук отурумда Аскат Жетиген УКМКнын кызматкерлери кыйноого алганын билдирген. Акындын билдирүүсү боюнча УКМК азыркыга чейин үн ката элек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>