Батыш Европада тарыхтагы эң ысык июнь айы катталды

10.07.2026 | 10:32
Батыш Европада тарыхтагы эң ысык июнь айы катталды — Новости Кыргызстана

2026-жылдын июнь айы Батыш Европада метеобайкоолор жүргүзүлө баштагандан берки эң ысык июнь, ал эми дүйнө боюнча экинчи эң ысык июнь болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк метеорологиялык уюм (ДМУ) Европанын Copernicus климаттын өзгөрүшү боюнча кызматынын маалыматына таянып билдирди.

Окумуштуулардын маалыматына ылайык, Батыш Европадагы абанын орточо температурасы 20,74 градус Цельсийди түзгөн. Бул климаттык нормадан 3,05 градуска жогору болуп, өткөн жылы коюлган рекорддон да ашып түштү.

ДМУнун маалыматына ылайык, Европа азыр дүйнөдөгү эң тез ысып жаткан континент болуп саналат. Акыркы 50 жылда бул аймактагы орточо температура болжол менен эки градуска жогорулап, өтө ысык аба ырайы барган сайын көп кайталана баштады.

Рекорддук температуралар Европанын бир катар өлкөлөрүндө катталды. Германияда абанын температурасы 41,7 градуска чейин жетти. Францияда 24-июнь байкоолор тарыхындагы эң ысык күн болуп, өлкө боюнча орточо температура 30 градусту түздү, ал эми айрым аймактарда 43,8 градуска чейин көтөрүлдү. Испаниянын бир катар шаарларында абанын температурасы 40 градустан ашты. Ал эми Барселона шаарында 8-июлда 40,5 градус катталып, акыркы жүз жылдан ашык убакыттагы эң жогорку көрсөткүч болду.

Copernicus кызматынын маалыматына ылайык, мындай аптаптуу ысыкка кургактагы жогорку температура гана эмес, океандын бетинин болуп көрбөгөндөй ысышы да себеп болгон. Ошол эле учурда Европанын көптөгөн аймактарында кургакчылык күчөп, ысык жана кургак аба ырайы Францияда, Испанияда жана Португалияда ири токой өрттөрүнүн чыгышына алып келди.

Дүйнөлүк метеорологиялык уюм экстремалдуу ысык жыл сайын дүйнөдө жүз миңдеген адамдардын мезгилсиз каза болушуна себеп болуп жатканын эскертет. Өзгөчө абанын температурасы түнкүсүн да 20 градустан төмөн түшпөгөн «тропикалык түндөр» кооптуу. Мындай учурда адамдын организми күндүзкү ысыктан калыбына келе албай, улгайган адамдар, балдар, кош бойлуу аялдар жана өнөкөт оорулары бар адамдар үчүн коркунуч күчөйт.

Дүйнөлүк метеорологиялык уюм менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун баамында, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу экстремалдуу ысык толкундар мындан ары дагы тез-тез кайталанып, узакка созулуп жана күчөй берет. Ошондуктан эл аралык уюмдар өлкөлөрдү калкты өз убагында эскертүү системаларын өркүндөтүүгө жана адамдарды коргоо боюнча чараларды күчөтүүгө чакырууда.

Scroll to Top