Түркиядан Кыргызстанга 12 жыл бою жашырынып жүргөн, киши өлтүрүүгө айыпталган жаран жеткирилди

12 жыл бою укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн 1990-жылы туулган А. Ш. аттуу жаран Түркиядан Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган киши өлтүрүү») боюнча өзгөчө оор кылмыш жасаган деп айыпталууда.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2014-жылдын февраль айында Бишкек — Ош унаа жолунда болгон жаңжал учурунда такси айдоочусу М. У. өлтүрүлгөн. Кылмыш жасалгандан кийин шектүү Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен жана Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган.
Кармоо операциясы Стамбул шаарында Кыргызстандын жана Түркиянын ИИМдеринин биргелешкен ишинин натыйжасында ишке ашты. Бул Түркиянын укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүнүн, заманбап санариптик технологияларды жана эл аралык маалымат алмашуу механизмдерин колдонуунун, ошондой эле чет элдик өнөктөштөр менен кызматташуунун аркасында мүмкүн болду.