Садыр Жапаров Куланак ГЭСинин курулушуна старт берди

Садыр Жапаров Куланак ГЭСинин курулушуна старт берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда Нарын облусунун Куланак айылында Куланак ГЭСинин курулушуна старт берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров эл алдында сүйлөп жатып Куланак ГЭСи тууралуу кыскача айтып берди.

«ГЭСтин кубаттуулугу 100 МВт болот деген мерчемибиз бар. Курулуш бүтүп, ГЭС ишке киргенде жылына 450 млн квт/саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүүдө. Демек, бул бүтүндөй Нарын облусу электр энергиясы менен толук камсыздалат деген сөз. Адистердин айтымында, ГЭСтин курулуш жүрүп жаткан маалда жалпысы 800дөн 1000 адамга чейин жумуш орду түзүлөт. Ал эми Куланак ГЭСинин курулушу бүткөрүлүп, толук ишке берилгенден кийин 100гө жакын жумушчу туруктуу иш менен камсыз болот. 

Нарын дарыясынын боюна, Нарын районунун Учкун, Жан-Булак, Эмгек-Талаа, Миң-Булак, Жерге-Тал айыл аймактарынын аймагына курулушу башталган бул долбоордун алкаганда 27 метр бийиктиктеги плотина, дарыянын  нугун буруу жана сууну агызуу үчүн гидротехникалык шлюздар, 6,5 километр узундуктагы деривациялык канал, электростанциянын имараты агрегаттары менен, ошондой эле айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу алуучу түйүн курулат», — деди ал.

Президент ГЭСтин курулушу энергетика, экономика тармагына эбегейсиз пайда алып келүү менен катар айыл чарба жерлерин сугат суусу менен камсыздоого да жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.

«Куланак ГЭСинин курулушу менен райондогу Учкун, Сары-Ой айыл аймактарынын 5 миң 81 гектар айдоо аянтын сугат суусу менен камсыздоо жакшырат. Мындан сырткары, 2100 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт. Кудай буюрса, Куланак ГЭСи Нарын облусунун гидроэнергетикасынын локомотиви болот. Ушуга байланыштуу бардык тийиштүү мамлекеттик органдарга Куланак объектисинин артыкчылыгына өзгөчө көңүл буруп, курулуш маселелерин ыкчамдатып чечүү үчүн өз убагында натыйжалуу чараларды көрүүнү, колдоо көрсөтүүнү тапшырам», — деп белгиледиал.

Жапаров Энергетика министрлигине бул долбоорду кынтыксыз жана сапаттуу ишке ашыруу тапшырды.

«Нарын дарыясына дагы 2,5 миң мегаВаттык гидроэлектр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгү бар. Буюрса, жакынкы келечекте дагы көптөгөн орто жана чакан ГЭСтерди курабыз. Биз эки жылдан бери көп эле курулуштарга капсула салып келе жатабыз. Алардын ар биринин  курулуш иштери өз убагында бүткөрүлүп келе жатат. Мына бүгүн дагы капсула салган объект төрт жылдан кийин ишке берилет. Бир жыл даярдык иштери, анан үч жыл курулушу жүрөт. Жазында Камбар-Ата ГЭСине да капсула салганбыз. Аны буюрса сегиз жылда бүтөбүз деп турабыз. Сегиз эмес он жылда бүтсөк да чоң иш болот», — деди ал.

Садыр Жапаров Камбар-Ата ГЭСинин курулушунун аякташы менен Кыргызстан көз карандысыз, өзүн өзү камсыздаган, электроэнергияны импорттобой тескерисинче, экспорттогон өлкөгө айланарын белгиледи.

«Азыр бизде жылына 3 млрд кв саат электр энергиясынын таңкыстыгы бар. Суунун башында турабыз, бирок ошону колдонуп, отуз жылдан бери бир дагы ГЭС салбаптырбыз. Эми сала баштадык.  Бардык потенциалдын он эле пайызын колдонот экенбиз. Эгерде дагы 90 пайызын кошуп колдонсок биз Орто Азия эмес, Европа, Кытайга электр энергиясын сатсак болчудай. Кудай буюрса ага да жетебиз», — деди ал.

Мамлекет башчысы  Куланак ГЭСи жалпы кыргыз элине кызмат кылган ири өнөр жай ишканасы болоруна ишеним артты.

«Касиеттүү Тенир-Тоонун кутман элин ырыскы, кут жылоолоп, жергебизде тынчтык, элибизде өнүгүү болсун!!!», — деп сөзүн жыйынтыктады президент..

Долбоордун жалпы баасы 124 млн долларды түзүп, анын  88 млн доллары Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Евразиялык өнүктүрүү банкы сыяктуу каржы институттар тобу тарабынан насыя катары берилерет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>