Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти болду
12.05.2026 | 12:00

Бүгүн, 12-майда, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) президенти болуп шайланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
11-майда биримдиктин Аткаруучу комитети жалгыз Касымалиевди КФБнын президенти кызматына расмий түрдө көрсөткөн.
Эске салсак, буга чейин футбол биримдигинин президенти кызматын УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев аркалап келген. 15-апрелде өткөн уюмдун конгрессинде ал ата мекендик футболду токтоп калган абалдан алып чыгуу боюнча милдеттерин аткарганын жана эми уюмду бул спорт түрүнө чын дилинен күйгөн адам жетектеши керектигин айтып, кызматтан кетерин жарыялаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт