Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин жетекчилигине жалгыз талапкер болду

11.05.2026 | 17:28

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) президенти кызматына расмий түрдө көрсөтүлдү. Тийиштүү чечимди уюмдун Аткаруу комитети кабыл алды. КФБнын жаңы жетекчисин шайлоо эртең, 12-майга белгиленген.

Учурда Касымалиев бул кызматка жалгыз талапкер болуп саналат. КФБдан ошондой эле биримдиктин Аткаруу комитетинин бош кызмат орундарына Акылбек Маматов жана Жохан Эралхановдун талапкерликтери көрсөтүлгөнүн билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин футбол биримдигинин президенти кызматын УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев аркалап келген. Жакында эле ал ата мекендик футболду токтоп калган абалдан алып чыгуу боюнча милдеттерин аткарганын жана эми уюмду бул спорт түрүнө чын дилинен күйгөн адам жетектеши керектигин айтып, отставкага кетерин жарыялаган.

Scroll to Top