Кыргызстан бала бакчаларга жана мектепке чейинки билим берүү тармагын реформалоого 6,36 млн доллар тартат

12.05.2026 | 11:40

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети үчүнчү окууда “Келечек үчүн билим берүү” долбоорун кошумча каржылоо боюнча Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен түзүлгөн макулдашууларды ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Документте Кыргызстанга 6,36 млн доллар тартуу каралган. Анын ичинен 4,36 млн доллары насыя, дагы 2 млн доллары грант түрүндө берилет.

Каражаттар Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталат. Долбоордун негизги максаты — бала бакчаларга барган балдардын санын көбөйтүү жана мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жакшыртуу.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде долбоордун алкагында жаңы толук күндүк бала бакчаларды ачуу, иштеп жаткан мекемелерди модернизациялоо жана бул тармакта мамлекеттик-жеке өнөктөштүк моделин сыноо пландалып жатканы айтылат.

Бул каражаттар төмөнкү багыттарга жумшалат:

  • бала бакча ачуу үчүн 9 имаратты оңдоо жана жабдуу;
  • иштеп жаткан бала бакчалардагы бөлмөлөрдү кошумча тайпаларды ачуу үчүн кайра жабдуу;
  • ваучердик система аркылуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн пилоттук долбоорун ишке киргизүү;
  • мектепке чейинки билим берүү тармагындагы 400гө жакын кызматкерди жана ишкер аялдарды бала бакчаларды башкаруунун заманбап ыкмалары боюнча окутуу.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде каржылоо жеңилдетилген шарттарда берилери белгиленген. Насыя 50 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 10 жылдык жеңилдетилген мезгил менен берилет. Пайыздык чени жана тейлөө акысы — 0%.

Scroll to Top