Түркияда жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болду

11-майда Түркиянын Белек шаарында болгон жол кырсыгынан 27 жаштагы Кыргызстандын жараны К.А. каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Антальядагы Башкы консулдугунун кызматкерлери жергиликтүү органдар менен жолугушуп, маркумдун жакындары менен байланыш түзүшкөн.
Түркиянын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, кырсыкка шектелген айдоочу кармалган. Иштин материалдары прокуратурага өткөрүлүп, шектүүнү камакка алуу боюнча өтүнүч келтирилген. Учурда бөгөт коюу чарасы Серик шаардык сотунда каралууда. ЖМКлардын маалыматында, велосипед тээп бара жаткан кыргызстандык жаранды такси сүзүп кеткен. Маркум ошол жерде жан берген.
Башкы консулдук маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүдө.